Дүйнө

Москва менен Анкара Ливия жана Сирия боюнча жолугушууларды кийинкиге жылдырды image

15 Июнь, 2020 1909

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлүт Чавушоглу 14-июлда телефондо сүйлөшүп, Москва менен Анкаранын жолугушуусун башка датага жылдырууну макулдашты.

Россия менен Түркия ушул жекшембиге белгиленген дипломатиялык ведомстволордун сүйлөшүүлөрүнүн мөөнөтүн жылдырды.

Жолугушуу учурунда Сирия жана Ливиядагы жаңжал талкууланмак. Анкара менен Москва куралдуу кагылышууда эки башка тарапты колдошот.

Буга чейин Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгу ушул жекшембиде Түркияга бара турганы кабарланган.

Апта башында Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы жаатташкан тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганын маалымдаган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз