Кыргызстандагы коронавирус

Дүйнө жүзүндө бир суткада 230 миң 370 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды image

13 Июль, 2020 344

Дүйнө жүзүндө акыркы бир суткада 230 миң 370 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып жаңы антирекорд жаратты. 13-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 12 миллион 866 миң 958 адам жуктуруп алды. Анын 6 миллион 910 миң 994ү айыгып чыкса, тилекке каршы 568 миң 14 бейтап каза болду. Илдет эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 206 миң 477 адамдан коронавирус аныкталды. 135 миң 174 адам каза болсо, 1 миллион 6 миң 326 бейтап айыгып чыкты. 

Экинчи орунда Бразилия турат. Бразилияда коронавирус инфекциясы 1 миллион 800 миң 827 адамдан аныкталды. 72 миң 100 адам каза болсо, 1 миллион 264 миң 843 бейтап айыкты. Ал эми үчүнчү орунда Индия. Бул өлкөдө 820 миң 916 адам вируска кабылган. 22 миң 674 бейтап көз жумса, 534 миң 621 бейтап оорудан сакайган. Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. 

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз