Дүйнө жаңылыктары

Өзбекстан эпидемияга байланыштуу 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди image

13 Июль, 2020 380

Өзбекстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу 13-июлдан тартып 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Дем алыш күндөрү транспорттук каражаттардын, анын ичинде таксилердин жүрүшүнө тыюу салынды. Ошол эле учурда жашы 65тен жогору кишилер обочолонуусу зарыл экени эскертилди. 

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия 13-июлдан тартып ички аба жана темир жол каттамдары токтой турганын билдирди. Ошондой эле жаңы киргизилген чектөөлөргө ылайык өлкө боюнча 13-июлдан тартып чач тарачтар жана сулуулук салондору жабылат. Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 12 400дөн ашты, 56 киши көз жумса, 7 500дөн ашык адам илдетти жеңип, кадимки жашоого кайтып келди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз