Билим

Бүгүн жерге астероид жакындайт. Мунун канчалык коркунучу бар? image

5 Авг, 2020 1379

Бүгүн жерге көлөмү эки футбол талаасындай, башкача айтканда диаметри 84-190 метрге барабар астероид жакындайт. 

Азырынча белгилүү бир аталышы жок, бирок катар саны бар. Кубулуш бишкек убактысы боюнча 22:35 чамасында болуп өтөт. 

Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, биздин планета менен астероид аралыгы 10,5 млн чакырымды түзөт. Бул учурду “туруктуу коркунуч” туудуруучу абал катары карасак болоорун окумуштуулар маалымдашты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз