Саясат

Депутаттардын артыкчылыгын жою мыйзамы "электен" өткөн жок image

17 Июнь, 2016 1532

Жогорку Кеңеште “Республика-Ата-Журт” фракциясы депутаттардын кызматтык батир, унаа, жеңилдиктерин жоюу боюнча мыйзам долбоорун кайрадан талкууга алып чыкты. Бирок, ал эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөн жок. Муну мыйзамчылар айрым депутаттардын жеңилдиктерге муктаждыгы менен түшүндүрүштү. Артыкчылыктардан баш тартуу көпчүлүк партиялардын шайлоо алдында элге берген негизги убадалары эле. Ал арада жеңилдиктерди жоюну демилге кылган эл өкүлдөрү кызматтык батир, унаадан баш тартып гана чектелбестен кол тийбестикти да тапшыра алабы деген суроону артыкчылыктарды жоюга каршы чыккан депутаттар узатышты.

Элге берген убаданы аткарыш керек деген жалындуу сөздөр көпчүлүк парламент өкүлдөрүн ынандыра алган жок. Артыкчылыктарды жоюу боюнча мыйзам долбоорун 52 депутат колдоп, 60 эл өкүлү каршы добуш беришти. Демилгени эч нерсеге муктаж эмес капчыктуу депутаттардын оюну катары кабыл алгандар бар. Мыйзам долбооруна каршы добуш бергендердин бири Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин чыгымдарын азайтуу менен эле казынадагы каражаттар үнөмдөлүп калбайт деген пикирде. Ал артыкчылыктарды жоюнун ордуна, депутаттарга тиешелүү шарт түзүү, ишинин натыйжасын талап кылуу керек экенин айтат.

 “Республика-Ата-Журт” мыйзам долбоорун депутаттарынын бири да калбай текши колдогон жалгыз фракция. Демилге да аталган топко таандык. Эл өкүлү Максат Сабиров Жогорку Кеңештин чыгымдарын кыскартуу менен башка мамлекеттик органдарга да талап коюга мүмкүнчүлук болоорун айтууда.

Буга чейин депутат  Жоомарт Сапарбаевдин мандатын тапшырышына депутаттык кызматтын айлыгы аздыгы себеп болгону кабарланган эле. Мындан улам, эми артыкчылыктар да алынса, парламентке интеллигенция, жаштар эмес, капчыктуулар гана келип калабы деген суроолорду пайда кылууда. Ошентип, бул маселеде орток пикир табылбай, мыйзам долбоору колдоо таппаган бойдон калды. Эл өкүлү Жылдыз Мусабекова “хан-сарайлардын”, кымбат баалуу унаалардын ээлери батир, транспорттук каражаттардан эмес, депутаттык кол тийбестиктен баш тарта алышабы деген суроо салды. Мыйзамчылардын пикирлери канчалык эки ача болсо, аталган маселе боюнча басма сөздө макалалар да ар башка маанайда жарык көрүүдө. Депутаттардын жарымы артыкчылыктардан баш тартпай, элдин эсебинен жашагысы келгендер деп сындалышса, маселенин экинчи тарабын талдаган гезиттер бай депутаттар артыкчылык эмес, айлыкка да муктаж болбостугун, ишкер чөйрөдөн келгендер, мандатты бизнесин коргош үчүн гана пайдаланышаарын жазышууда. Ишкер депутаттын илинчегин иммунитети жашырабы деп суроо салгандар арбын. Мындан улам артыкчылыкка удаа “кол тийбестикти” да жоюп салуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Ага айрым депутаттар каршы эмес.

Бирок, кол тийбестикти жоюнун кесепети оор экенин айткандар да бар. Эксперт Айнура Усупбекова мындай шартта эл өкүлдөрү саясий билдирүүлөрүнөн жапа чегип калаарын белгилейт.

Саясат талдоочу Кубан Абдымен депутаттардын кол тийбестиги парламенттик демократиянын өнүгүшүнө эч кандай пайдасы тийбейт деген пикирде. Артыкчылык, кол тийбестиктер коомго тескери гана таасир этерин айтат.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз