Айыл чарба

Элет саламаттыгы - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

21 Сент, 2020 1049

Бул 5-6 торпок базардан жаңы сатылып келинди. Көк-Ой айылынын ветеринар адистери айылга келген бул торпокторго идентификациялык номерлерди тагып, каттоого алышы керек. Катталган номерлер алгач айылдык ветеринардын жеке маалымат баракчасына катталып, андан жалпы кызматтын базасына жиберилет.

Көк-Ойдун мал-жанынын саламаттыгына 2 адис көзөмөлдүк кылып жатат. Ири мүйүздүү малды каттоо, бирка тагуу иштеринен тышкары, учурда күзгү пландар дагы аткарылууда. План боюнча айылдын иттерин күзгү эмдөөдөн өткөрүү иштери жүрүүдө.

Адистер айыл боюнча 400 итти каттаган. Облустагы ветеринардык кызматтын ичинде санариптештирүүнүн саамалыгы менен жанданган ДОК.ЧЕК программасы аркылуу иттер көзөмөлгө алынган. Себеби ит баласы адамдардын саламаттыгына кооптуу илдеттерди жугузуучу жаныбар.

Бул мекемеде Талас районунда катталган мал-жандын жалпы маалыматы сакталуу. Учурда ири мүйүздүу малды идентификациялык номер берип каттоо долбоору толук ишке ашкан. Ал үчүн айылдык ветеринардык дарыгерлерге шарт түзүлгөн. Жана алар ошол шарт менен бул жака өздөрүнүн тийиштүу маалыматтарын жөнөтүп турат

Белгилей кетсек, айылдагы ветеринардык кызматтын ишин жакшыртуу жана сапаттуу көзөмөлгө жетүү үчүн санариптештирүүнүн алкагында уй баласы, итти каттоо программаларынан тышкары да тоок, балык, бал кармаган чарбаларга да идентификациялык номер берүү иши колго алынган. Ал эми жылкы баласынан учурда асыл тукум чарбалардагы жылкыларга чиптер басылып, ар бирин идентификациялоо иштери жүргөн. Санариптешттирүүдөн кийин бир топ иштин натыйжасы жанданып, ыңгайлуу болуп жатканын адистер белгилешет.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз