Саясат

Айрым мамлекеттик мекемелердин 2016-жылга пландаган долбоорлору жок image

16 Янв, 2016 1108

Айрым мамлекеттик ведомствалардын 2016-жылга пландаган долбоорлору жок. Бул тууралуу Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйында билдирип, бир катар мекемелерди сынга алды. Быйыл өкмөт каатчылыктан чыгуу максатында интенсивдүү жана көлөмдүү бир катар иштерди пландап жатат. Мамлекеттик ипотека, турак-жай     жана траспортторду камсыздандыруу, экспортту иргелилетүү жана аймактарды өнүктүрүү башкы маселерден. Ал эми талдоочулар өкмөт ички инвесторлорго маани берип, ГЭСтерди куруу иштерин ылдамдатып, Энергетикалык коопсуздукту күчөтүүсү зарыл экендигин айтат.

Быйыл аткарыла турчу иштердин 30% пайызы Экономика министрлигине жүктөлгөн. Билим берүү министрлиги 6% Улуттук банк өкмөттүк долбоордун 5 пайызын мойнуна алган. Премьер-министр Темир Сариев, Кыргызпатент, Коргоо боюнча мамлекеттик комитет, жана Байланыш агенттиги баш болгон бир катар мамлекеттик органдар сунуш бермек тургай, айрым долбоорлорго каршы чыгып олтурат деп, кескин сынга алды.

Өкмөттүн бул жылы аткара турчу иштери көп. Дүйнөдөгү геосаясий абал, мунай баасынын түшүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин экономикасынын басандашы, өлкөнүн өнүгүү жүрүшүнө өз таасирин бербей койбойт. Андыктан ГЭСтерге жаны инвесторлорду издөө, экспортту өнүктүрүү менен ишкерликти колдоо тапшырмалары турат – деп кошумчалады Темир Сариев.

Мамлекеттик ипотека, турак-жай жана траспортторду камсыздандыруу иштери башталды. Экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөттүн жыйында, инвестицияны тартуу максатында, жаны ачылып жактан ишканаларга үч жылга чейин текшерүүлөр тыйылып жатканын бегилеп, ишкерлерге толук шарт түзүлөрүн айтты.

Ал эми талдоочулардын пикиринде, экономикалык стратегия боюнча улуттук концепция кабыл алынуусу зарыл. Өкмөттүн программасы сөз жүзүндө калып жатат. Мындай пикирин “Биринчи радиого” талдоочу Кубанычбек Исабеков билдирди. Тыштан инвесторлорду тартуудан мурда, ички ишкерлердин ресурсун туура колдонуу керек. Айрым акчалуу ишкерлер бөтөн мамлекеттерге иш-кана ачып, чыгып кетип жатканы бар.

Ошондой эле экономикалык өткөөл мезгил жаны мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз өкмөтү экономиканын денгээлин түшүрбөй кармап калуусу маанилүү. Маселен ГЭСтер курулбай токтоп турат. Андыктан экономикалык жаны долбоорлор мезгил талабы деп, кошумчалады талдоочу Кубанычбек Исабеков.

Өтүп кеткен жыл мамлекет үчүн оор жылдардан болду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен бирге эле жылыштар менен кошо кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Экономистердин айтымында “2016-жыл мүмкүнчүлүктөрдүн жылы” деп аталып, экономикалык-социалдык багыттагы бир катар долбоорлор ишке ашкан турат.

С.Идирисов

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз