Коронавирус

Коронавирустун биринчи толкунуна каршы туруудагы кемчиликтер жана сапатсыз иш көрсөткөндөр талкууланды image Фото: www

20 Янв, 2021 2704

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финансылык, гранттык жана гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалыматты укту. 

Иштин жүрүшүндө ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан COVID-19дан каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар, коронавирус инфекциясын дарылоо пртоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, ооруканаларга берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмаланган фактылар аныкталган. Экинчи дарылоо протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында аталган дары-дармектердин чоң көлөмү табылган. Мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканалардын багытын өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчет берген эмес.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын башка корутундуларын тыкыр талкуулоо жана коомго чагылдыруу үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз