Коронавирус

Коронавирустун жаңы түрүнүн алдын-алуу максатында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмеси өттү image Фото: www

21 Янв, 2021 519

23-январдан тарта Кыргызстанга учак менен келген жарандардын 72 саат ичиндеги ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу зарыл. 

Мындай чечим коронавирустун жаңы түрүнүн алдын-алуу максатында кабыл алынганы Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды. Эл аралык каттамдар менен келген учурда, жүргүнчүлөрдүн анкеталары санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. 

Аэропортто дене табын өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптары, ПЧР-анализи текшерилет. Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин кадимки режимге өтүшүнүн алгоритми да талкууланды. Штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз