Дүйнө

Кытайда асман тиреген имарат чайпалып, миңдеген адамдар качып чыкты image

19 Май, 2021 2113

Кытайдын Шэньчжэнь мегаполисинде күтүлбөгөн жерден асман тиреген имарат чайпалып, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыкты.

Аталган имаратта көптөгөн кеңселер жана дүкөндөр жайгашкан. Бийиктиги 300 метрден ашкан 73 кабаттуу асман тиреген имараттан миңдеген адамдар чуркап чыгышкан. SEG Plaza бул Кытайдагы 104-орунда жана дүйнөдөгү 212-орунда жайгашкан эң бийик имарат.

Жергиликтүү бийлик окуянын себеби эмнеде экендигин азырынча тактай элек. Имарат болжол менен 20 жыл мурун курулган. Бул аймакта жер титирөө катталган эмес.

Алдын ала текшерүүнүн натыйжасында имараттын түбүндө эч кандай жарака жок, тышкы дубалдары да жабыркаган эмес.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз