Дүйнө

Япониянын батышында катуу жааган жамгырдан улам 14 миң жашоочу эвакуацияланууга тийиш image

21 Май, 2021 1228

Япониянын батыш бөлүгүнүн кеминде 14 миң жашоочусуна жер көчкү жана аймакты каптаган нөшөрлүү жамгырдан суу каптоо коркунучу болгондуктан, эвакуациялоого буйрук берилди. Бул тууралуу жума күнү, 21-майда жергиликтүү басылмалар билдирди.

Вакаяма префектурасынын 12 миңге жакын тургуну жана Осака префектурасынын 2 миң тургуну ушундай буйрук алышканы белгиленди.

Япониянын Улуттук метеорологиялык кеңсеси билдиргендей, күнүнө өлкөнүн айрым аймактарында 100 ммден 200 ммге чейин жаан-чачын жаашы мүмкүн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз