Туризм

Кыргызстан - Түркия: туризм тармагындагы кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды image Фото: www

21 Май, 2021 3495

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Түркиянын маданият жана туризм министрлигине караштуу Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин программасынын координатору Осман Уста менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын туризм тармагындагы приоритетүү долбоорлорду ишке ашыруу, мындан ары дагы кызматташтыкты чыңдоо иш-аракеттерин талкуулашты. Кыргызстандын аймагына кошумча туристтик көрсөткүчтөрдү жана санарип алкагында тарыхый, маданий туристтик объектилерди сүрөттөөчү QR-коддорду орнотуу, биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз