Дүйнө

Кытайда үч балалуу болууга уруксат берилди image

31 Май, 2021 1263

Кытайда үч балалуу болууга уруксат берилди. Бул тууралуу Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өткөн жылдагы Кытай эл каттоосунан кийин кабыл алынган. Өткөн жылы өлкөдө 12 миллиондой бала төрөлгөн. Бул 1960-жылдардан берки эң төмөн көрсөткүч болуп саналат.

1979-жылдан бери Кытай “бир үй-бүлө-бир бала” саясатын жүргүзүп келген. Эрежелерди бузган ата-энелер айып пулга, жумушсуз калууга, кээде аргасыз бойдон алдырууга мажбур болушкан. Ал эми 2015-жылы үй-бүлөлөргө эки балалуу болууга уруксат берилген.

Кытайда төрөлүүнүн көрсөткүчү миңге болжол менен 11 төрөттү түзөт. Өлкөдөгү бул көрсөткүч 1980-жылдардын аягынан бери төмөндөп келе жатат. Бир үй-бүлөгө эки балалуу болууга уруксат бул тенденцияны жокко чыгара алган эмес.

2020-жылдын аягында Кытайдын калкы 1,4 миллиард адамды түзгөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз