Саясат

Бишкекте күзүндө КМШнын 25 жылдыгына арналган жыйын өтөт image

20 Янв, 2016 1057

Быйыл Бишкекте күзүндө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин 25 жылдыгына арналган жыйын өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүүдө. Буга байланыштуу жалпысынан быйыл Ордо калаада онго чукул иш-чара өткөрүлүп, алардын башкы сабында КМШ мамлекет башчыларынын саммити турат. Ал арада өлкө өз эгемендигинин быйыл 25 жылдыгын дагы белгилемекчи. 

Бул эл аралык уюм катары эсептелген Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги  1991-жылдын 8-декабрында түзүлгөн. Кыргызстан болсо, 1992-жылдан бери шериктештиктин курамында келетат. Уюмдун максаты саясий, экономикалык, экологиялык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташууну көздөйт. Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуулыкка каршы күрөшүү, аскердик коргонуу жана тышкы чек араларды кайтаруу маселеси дагы кирет. Ал эми уюмга толук төрагалык кылуу вазыйпасы быйыл Кыргызстанга тийип, анын алкагында ири иш-чаралар өтөрү күтүлүүдө. Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору Болотбек Мукашевдин билдирүүсү боюнча бул багытта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өкмөт менен макулдашылган атайын концепцияны бекиткен.

Эске салсак, былтыр Казакстандын курорттук Бурабай кыштагында өткөн КМШ мамлекет башчылар кеңешинин жана Евразиялык Жогорку экономикалык кеңештин  жыйынында 2016-жылы Кыргызстан КМШга төрагалык кылары жарыяланган. Жыйында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2016-жылы КМШнын юбилейлик саммитин өткөрүү миссиясы биздин үлүшүбүзгө буюруганына чоң кубанычтабыз. Ошондуктан, Шериктештиктин 25 жылдыгына арналган жыйынды 2016-жылдын 16-сентябрында Бишкекте өткөрүүнү сунуштайбыз”, — деп билдирген болчу.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз