Дүйнө

Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды image

16 Июнь, 2021 1530

Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА "Новости" жазды. 

"Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта. Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. 

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы өкүлчүлүктөн кабар алып, алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, эч биринин өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан. 

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз