Саясат

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар инсандарга наамдарды ыйгарды image

20 Янв, 2016 1451

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы менен мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошкон бир катар инсандарга наамдарды ыйгарды. Сыйлык тапшыруу аземи Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында болуп, II жана III даражадагы “Манас” ордендери, Эрдик, Даңк медальдары жана ардак грамоталар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн ыйгарылды.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев алгач өлкөдөгү экономикалык-социалдык абалга токтолуп, сыйлык алып жаткан жарандардын мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий деңгээлин өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкондугун айтып, көп жылдык үзүрлүү эмгектин, каармандыктын, жана эрдиктин жемиши экенин белгиледи.

Ошондой эле Өлкө башчы буга чейин сыйлык тапшыруулар көп болуп, мамлекеттик наамдардын баркы түшүп кеткенин айтып, мамлекеттин өнүгүүсүнө жарандык коомдун өкүлдөрү эбегейсиз салым кошуп жатканын, жаратылыш байлыктарынан, мунай же кен байлыктарынан мурда да, мамлекет билимдүү, мээнеткеч жарандары менен бай экендигин айтты.

Президенттин буйругуна ылайык, II даражадагы "Манас" ордени менен жазуучу, журналист Шайлообек Дүйшеев жана Жогорку соттун мурдагы башчысы Феруза Жамашева сыйланса, III даражадагы "Манас" ордени менен велоспорт боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, өкмөтүнүн Ош облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотов наамга ээ болушту.

Ошондой эле, Өлкө башчысынын буйругу менен 6 адам, анын ичинен кызмат учурунда каза болгон 3 адамга, мамлекеттин тынчтыгын, жарандардын коопсуздугун сактоодо жана ата-мекенге ак кызмат кылгандыгы үчүн “Эрдик” медалдары тапшырылды.

Ал эми киночулар, актерлер, сүрөтчүлөр, коомдук бирикмелердин жетекчилери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана агартуу тармагынын адистери улуттук маданиятка, тарыхга, билим берүүгө жана искусствого зор салым кошкондугу жалпы 14 адам “Даңк" медалы менен сыйланышса, жазуучу Элүүбай Отунчуевге “Эл жазуучусу” наамы ыйгарылды.

Ошондой эле,  улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы менен  өлкөдөгү ар бир тармактын өкүлдөрү, мугалимдер, дарыгерлер, медайымдар, күч органдарында кызмат кылгандар, журналистер жана катардагы айдоочулар болуп жалпы 114 киши Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Мамлекет башчысынын колунан алгачкы жолу ардак грамота алып жаткна Алайдан келген мугалим, Бахтайым Шермамбетова кубанычын жашыра алган жок.

Эске салсак, мамлекеттик сыйлыктар акыркы жолу 2014-жылы берилип, 10 “Даңк”, 6 “Эрдик” медалы жана 112 адамга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылган. Ошондой эле Президент атактуу спортчу  Каныбек Осмоналиевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө чектөө киригизилип, 2012-жылы мораторий жарыяланган болчу.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз