Дүйнө

БУУ: Пандемия дүйнөлүк ачарчылыкты күчөттү image

15 Июль, 2021 831

12-июль, дүйшөмбү күнү ЮНИСЕФтин сайтында жарыяланган БУУнун отчетуна ылайык, 2020-жылы коронавирус пандемиясы дүйнөдө катуу рецессияны жаратып, калктын азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүнө коркунуч келтирген.

БУУнун маалыматы боюнча, өткөн жылы ачкачылык абсолюттук жана пропорционалдык көрсөткүчтөрдө кескин жогорулап, 2,3 миллиард адам, же дүйнө калкынын 30%, бүгүнкү күндө жетиштүү тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч бир жыл ичинде эле акыркы беш жылдагыдай жогорулаган.

Ошондой эле, бир жыл ичинде планетанын туруктуу тамактанбаган тургундарынын саны көбөйгөн. Тактап айтканда, өткөн жылы 811 миллионго чейин адам ачкачылыкка дуушар болду, бул дүйнө калкынын болжол менен 9,9% (2019-жылы 8,4% га чейин).

Мындан тышкары, "коронавирус" жылынан кийин ачкачылыктан улам, 149 миллиондон ашуун беш жашка чейинки балдардын өнүгүүсү кечиккен жана өз жашына ылайыктуу өскөн эмес, 45 миллиондон ашыгы жетишсиз тамактанып же өтө арык болуп калган. Ал эми 39 миллион бала гана ашыкча салмакка ээ.

Азия (418 миллион), Африка (282 миллион) жана Латын Америкасы (60 миллион) көпчүлүк учурда жетишсиз тамактанган деп кабарланат. Ошол эле учурда, ачкачылыктан жапа чеккен калктын эң чоң өсүшү Африкада болгон, анда ачарчылыктын таралышы - 21% - башка региондорго караганда эки эсе көп.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз