Ден соолук

Аалымдар кеңеши: COVID-19 илдетине каршы эмдөө шариятка каршы келбейт image Фото: KTRK/videograp

15 Июль, 2021 1657

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө шариятка каршы келбесин айтты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. 

Кеңеш вирустун кеңири жайылып жатканын эске алуу менен эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналарына токтолду. 

“Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан адам текшерүүлөрдөн өтүп, дарыгерлер эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр жок экенин айткан учурда вакцина алууга исламда каршылык жок”, — деп айтылат билдирүүдө.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз