Коронавирус

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды image Фото: www

15 Окт, 2021 2859

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 74, Чүй облусунда – 11, Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан вирус жаңы табылган. Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 576 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 681 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 501 киши айыгып чыкса, 2 миң 629 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз