Коронавирус

COVID-19: Бир суткада 10 980 адам вакцина алды image

23 Окт, 2021 1162

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 980 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 432 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 548 жаран экинчи дозасын алды. 

Өлкө боюнча жалпы 939 миң 433 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 713 миң 313 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз