Коронавирус

COVID-19 боюнча статистика: 70 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду image

13 Нояб, 2021 822

Кыргызстанда 13-ноябрга карата коронавирус дагы 70 адамдан аныкталды. 

Республикалык штаб билдирген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 24, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 106 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 554 бейтап, амбулатордук түрдө 762 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 267 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 721 киши айыгып чыкса, 2 миң 702 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз