Кыргызстан жаңылыктары

Бишкек жаңы жылга карата улуттук оймо-чиймелер, символдор менен кооздолот image

1 Дек, 2021 875

Бишкек мэриясы борбор шаар жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди. Жасалгалаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. 

Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек. "Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.

Адатта Бишкекте майрамдык жасалга жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз