Коронавирус

Коронавирус: эмдөөдөн өтпөгөн үч бейтап көз жумду image Фото: www

2 Дек, 2021 974

Кыргызстанда 2-декабрга карата дагы 56 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан инфекцияга каршы вакцина албаган үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады. 

Ооруну жуктуруп алгандар көбүнчө Бишкек шаарынан. Ал эми Ош шаары, Талас, Нарын облустарында инфекция жуктуруп алгандар катталган эмес.

Бишкекте - 27, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда - 5 учур катталды. Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 460 адам болду, 2 752 киши көз жумду. Вирустан жалпы 72 миңден ашуун бейтап сакайып чыкты. Учурда 389 адам ооруканада, 432 киши үйүндө дарыланып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз