Кыргызстан жаңылыктары

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өз жанын багуусуна шарт түзүү зарыл image

1 Дек, 2016 2274

Кыргыз Өкмөтү тубаса шал оорусуна чалдыккан баласын караган ата-эненин ишин эмгек катары баалоо жана майыптар коляскасы жүрчү пандус жана азиздер үчүн атайын алея куруу сыяктуу майыптарга шарт түзүү иш- чараларын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түздү. Максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жөлөк пул берүүгө караганда, өз жанын багуусуна шарт түзүү саясатына багыт алуу. 

4-декабрь–майыптардын эл аралык күнү. Ай сайын 3000 сомдун тегерегинде  социалдык пенсия чектөө, майып адамдардын муктаждыгын чечпейт. Эгерде, майып адамдын өз жанын өзү багуусуна керектүү шарт түзүп берсек,  алар коомго пайда алып келе алат-дейт, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова. Бул кадамды майыптар коомчулугу да колдоодо. Кыргызстанда  совет доорунан бери, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамды, ишке жараксыз-деп табуу системага айланып калган. Бизге  башкалар сыяктуу эле толук укуктуу жаран катары мамиле болушу керек. Болгону айрым бир ыңгайлуу шарттарды түзүү ишке ашпай келет-дейт,  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  юридикалык жардам көрсөтүү коомдук фондунун жетекчиси Толкунбек Исаков.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз