"Бишкек суу канал" ишканасынын ишине жергиликтүү тургандар нааразы болушту
Элдик репортер
"Бишкек суу канал" ишканасынын ишине жергиликтүү тургандар нааразы болушту

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Сеченов көчөсүндө эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жаткан. Бирок "Бишкек суу каналдын" кызматкерлери ишти кечеңдетип жатканына нааразы болгон тургундары "Элдик репортерго" видео менен кайрылуу жасашкан. 

Түтүктөрдү алмаштырып жатканда эски түтүктөр жарылып, көчөбүздү суу каптап, короолорубузга чейин кирип жатат. Эми ишкананын кызматкерлери ишти аягына чыгарбастан кетип калышты. Бул иш 2019-жылдын башында башталган, ошол бойдон бүтпөй койду. Эми болсо 2021-жылга калтырып жатышат. Баштагандан кийин эски жылга калтырбай, дароо эле бүтүрүп кетишсе болот эле го,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.