Шайлоо-2020. Бюллетендер "Учкун" мамлекеттик ишканасынан басылып чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо-2020. Бюллетендер "Учкун" мамлекеттик ишканасынан басылып чыгат

Парламенттик шайлоонун бюллетендерин "Учкун" мамлекеттик ишканасы басып чыгарат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады. 

БШК мүчөлөрү 15-сентябрда өткөн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн бюллетендерди даярдоону Учкун ишканасына тапшыруу чечимин кабыл алганы айтылат.Боршайкормдун маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешти шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 624 миң 240 адамга көбөйгөн. 

Шайлоочулардын арасында бар экениңизди www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу же шайлоо участкасынан текшере аласыз. Эгер жаран шайлоо участкасын өзгөртүүнү кааласа, 20-сентябрга чейин аталган жерге же www.tizme.gov.kg порталынан шайлоочунун кабинети аркылуу кайрылса болот. 28-сентябрга чейин шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет.