Чаткүл айыл аймагынын тургундары өз демилгелери менен жолдорун оңдошууда
Элдик репортер
Чаткүл айыл аймагынын тургундары өз демилгелери менен жолдорун оңдошууда

Сокулук районунун Чаткүл айыл аймагынын тургундары өз демилгелери менен каражат топтоп, оюлган жолдорун жамап жатышат. Өкмөттөн жардам күткөн жашоочулар мына мынтип өзүлөрү иш башташты. Автордун айтымында, Жашоочулар өзүбүз чогулуп, акча чыгырып жолдорду оңдоп жатабыз. Оюлган жерлерге 20 тонна асфальт төшөдүк. Бишкек шаарына жакын эле жашайбыз, бирок биздин айыл такыр эле каралбай келет. Бир да жолу жол оңдоо иштери жүргөн эмес. Өкмөт кичине айыл ичин аралап, ички жолдордун абалы менен таанышып койсо. Айла жоктон карапайым эл мына мынтип жолдорубузду оңдоп жатабыз.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.