Ак-Өргөдөгү уурдалган люктар бир жылдан бери жабылбай турат
Элдик репортер
Ак-Өргөдөгү уурдалган люктар бир жылдан бери жабылбай турат

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунун Алыкулов көчөсүндө жайгашкан аялдамадагы люктар уурдалууда. Буга чейин да "Элдик репортер" рубрикасына бул тууралуу билдирүүлөр келген. Бирок ушул мезгилге чейин каралбай келгени өкүндүрөт. Басымдуу бөлүгү учурда ачык турганы жашоочулардын нааразычылыгын жаратып келет. 

Ак-Өргөдө канча люк болсо бардыгы үстү ачык, уурдалган. Бир жылдан бери эч ким карабайт. Аялдамаларда да жок. Кары-картан, жаш балдар, ооруган кишилер түшүп кетсе эмне болот,- деген окурман. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.