Жалал-Абадда ыкчам медициналык бөлүм ишке кирди
Аймак
Жалал-Абадда ыкчам медициналык бөлүм ишке кирди

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү ишке кирди. Мурда ар кайсы бөлүмгө кайрылып келген аймактын тургундары эми алгачкы медициналык жардамды бир жерден ала баштайт. Себеби баары бир бөлүмгө бириктирилди.