Дүйнөдөгү эң кооптуу жол
Мультимедиа
Дүйнөдөгү эң кооптуу жол

Тоолуу жолдор менен саякаттоо бир гана кооз эмес, кээде кооптуу дагы. Непалда тоо кыркаларынын боорунда жайгашкан жол, дүйнөдөгү эң  коркунучтуулардын бири десек жаңылышпайбыз.

Непалга барган туристтердин бири жергиликтүү тургундар менен жүк ташуучу унаада бара жатып, тоолуу жолдо кантип жүрүшкөнүн видеотасмага түшүргөн .

Видеодо кадимки жол үстүнөн шаркыратма агып жатканын көрүүгө болот. Эгерде жолдун кыйшайган жерлерин так билбеген айдоочу бул жол менен жүрсө, түз эле туңгуюкка айдап кетүү коркунучу бар. Ал эми жеңил унаалар жүрсө суу ылдый агызып кетиши толук мүмкүн.

Ал эми видеодогу жергиликтүү тургундардын реакцияларына караганда, жол жүрүүнүн бул ыкмасы аларга тааныш болгондуктан, эч кандай коркуу сезим, ал тургай, тынчсызданып да коюшкан жок.