Коронавирус тездик менен жайылууда
Коронавирус
Коронавирус тездик менен жайылууда

 Өлкөдө ковид-19 илдетин жуктургандардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Бүгүн дагы 388 адам ооруга чалдыгып беш адам каза болду. Бул арада вирусту жуктуруп алган дарыгерлердин саны да өсүп жатат. Министрлик буга тынчсызданып, бейтаптарды дарылай турган медицина кызматкрелерин кызыл зонада өзүн-өзү коргоону күчөтүп, кылдат болууга чакырат. Ошол эле учурда дүйнөнү каптаган илдет менен 38 миллиондон ашык адам күрөшүп жатат. Арасынан миллиондон ашык киши оорудан каза болду.