Австралиялык аял 30 метрлик атракциондон кулап түштү
Мультимедиа
Австралиялык аял 30 метрлик атракциондон кулап түштү

Австралиянын Квинсленд штатында оюн-зоок паркына келген мейман атракциондун кабинасынан кулап кетти. Бул тууралуу Daily Mail.жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы австралиянын тургуну 30 метр бийиктикке чейин көтөрүлгөн экстремалдуу атракционго отуруп, кыймыл учурунда жерге кулап түшкөн.  Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Ал башынан жана жүлүн бөлүгүнөн катуу жаракат алганы белгилүү болду.

Окуянын күбөлөрү кыймыл учурунда кыз акырын ордунан жылып баратып, : "Мен кулап жатам!"-деп кыйкырган.

Полиция аттракциондун оператору келген адамды коопсуздук куру менен туура бекиткен эмес деген версияны иликтеп жатат.