Кара-Балта: ат майдан жок убара тарткан улакчылар
Элдик репортер
Кара-Балта: ат майдан жок убара тарткан улакчылар

Кара-Балта шаарындагы ат майдандын жерине завод курулуп, аттарды суутарга жер жок, улакчылар убара тартып жатышат. Завод салына электен мурун ат майданды башка жерге салып берсе болмок эле го. Улакчылар ат чаба албай ар кайсы талааларда жүрүшөт. Бул жерде чоң талаа жатат жөн эле, ушул талааны ат майдан кылып беришсе, - деген окурман жергиликтүү бийликтен маселени чечип беришин суранып өттү.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.