Жамгырдан кийин баткакка чыланган Ак-Босогонун борбордук көчөсү
Элдик репортер
Жамгырдан кийин баткакка чыланган Ак-Босогонун борбордук көчөсү

Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунун борбордук көчөсү жамгыр жаагандан кийин жөө адамдар басмак турсун, автобустар жүргөнгө мүмкүн болбой калат. Канча жолу мэрияга кайрылдык күн жылыганда оңдойбуз дейт, бирок жазда, жайда, күз да өтүп, мынтип кыш келип калды. Автобустар улам бузулат ушул жолдун азабынан. Шаар четиндеги конуштардын борбордук жана ички жолдоруна деле мэрия көңүл буруп койсо,- дейт шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.