Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр

Кыргызстандагы Конституциялык реформаны талкуулоонун алкагында “Коррупцияга каршы ишкерлеркеңеши" коомдук бирикмеси жана “Таза Кыргызстан үчүн” жаштардын платформасы өз демилгелери менен телефондон социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөнүн максаты жашоочулардын презденттин м.а. Садыр Жапаровдун Курултайга Кыргызстандын башкы  сунушберүүчү органы катары статус берүү боюнча маалымдуулугун билүү болгон.

Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү(51,3%) бул демилге өлкө үчүн пайдалуу деп эсептейт. 35,8%ы жооп берүүдө кыйналган. Ал эми 12,9%ы каршы экенин билдирген.

«Эгер сизди өкүл кылып тандашса Курултайдын ишине катышууга даярсызбы?» деген суроого кыргызстандыктардын 50,8%ы ооба деп жооп берген.

Изилдөө 2020-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Жалпы респонденттердин саны 6558 кишини түздү.