Коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары-дармектер өлкөдө жетиштүүбү
Коронавирус
Коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары-дармектер өлкөдө жетиштүүбү

Коронавирус инфекциясына өлкө боюнча дагы 386 жаран кабылып, алардын алтоо каза болду. Төртөө Бишкек шаарынан, дагы бирден Нарын жергесинен жана Ош облусунан. Муну менен өлкөдө илдетти жеңе албай каза болгондордун жалпы саны 1 миң 223 адам болду. 

Кытай, Корея, Катар, Бириккен Араб Эмираты, Азербайжан, Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген жардамдардын баары бул жерде. Өздүк сакталуучу каражаттардан тартып, санарип рентген аппараттарына чейин келген. Айдын аягында дагы Азия Өнүктүрүү банкынан келиши күтүлүүдө.

Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин дарыларды сактоо боюнча адистеринин айтымдарында, медициналык каражаттар температуралык режимди сактагандыгына жана сактабагандыгына карата жайгаштырылат.

Коронавирус инфекциясын дарылоого керектүү дары-дармектер өлкөнүн фармацевтикалык компаниялары тарабынан үзгүлтүксүз алынып келүүдө.