Түштүк Кореядагы автобустарда атайын жаздыктар орнотулган
Мультимедиа
Түштүк Кореядагы автобустарда атайын жаздыктар орнотулган

Кореялыктар дүйнөдөгү эң эмгекчил улуттардын катарын толуктайт. Түштүк Кореянын экономикасы өнүккөнү менен, жумуш бардыгына жетпейт. Жумушка орношуу үчүн бир канча критерийлерге жооп берип, мектептен эле өзүңдү көрсөтүшүң керек болот. Ошол себептен Кореядагы мектеп окуучулары 14 саат сабак окушса, студенттер окуу менен жумушту бир алып кетет.

Чоң адамдар 10 сааттан 14 саатка чейин эмгек кылышат. Уйку үчүн убакыт аз, ошондуктан бош убакыт табылары менен эс алганга аракет кылышат. Автобуста кетип жатып уктоо ыңгайсыз, терезеге урулуп, уктаганга мүмкүнчүлүк жок болот.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, корей бийлиги жүргүнчүлөргө шарт түзүп беришкен. Автобус терезелерине атайын жаздыктар орнотулган.