Чакан ишканаларды эсепке албаганда Кыргызстанда орточо айлыктын көлөмү 17 миң 956 сомду түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, айлык акынын орточо көлөмү өткөн 2019-жылга салыштырмалуу 8,3 %га өстү. Илимий-техникалык, билим берүү, тоо-кен, маалымат жана коммуникация чөйрөсүндө эмгектенгендердин эмгек акысы жогорулаганы байкалууда дейт Султанов.