Ала-Бука айыл өкмөтүнүн тургундары арыктан суу ичишүүдө - Элдик репортер
Элдик репортер
 Ала-Бука айыл өкмөтүнүн тургундары арыктан суу ичишүүдө - Элдик репортер

Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүндөгү негизги көйгөй таза суу маселеси. Таза суу жок эл арыктан суу ичишүүдө. 

Бул арыктан мал да ичет, өйдө жакта жашагандар унааларын жууйт. Суу түтүгүнөн чыккан сууну токтотуп салышып, 20 күндөн бери суусуз отурабыз. Мынтип арыктагы кир сууну ичип жатабыз. Суу башкармалыгына, акимге, айыл өкмөткө кайрылганбыз. Түтүк жарылган, оңдоо иштери жүрүп жатат деп айтышкан, бирок эч кандай иш жүргөн жок.  Элдин кызыкчылыгын эч ким ойлобойт,- деп кайрылган айыл тургундары. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.