Эверест тууралуу кызыктуу 60 факт
Лонгриддер
Эверест тууралуу кызыктуу 60 факт

1. Эверест - бул жер жүзүндөгү эң бийик тоо, аны бардыгы билет.

2. Эвересттин бийиктиги 8 848 метр.

3. Анын чокусу ири учактын круиздик бийиктигинен бир аз төмөн.

4. Эверестке чыгуу ар бир тоону багындыруучунун кыялы, бирок бул милдет  оор шарттарда аман-эсен чыга турган күчтүү жана чыдамкай адамдардын гана колунда.

5. Эверест чокусу биринчи жолу - 1953-жылы багындырылган.6. Тоо европалык аталышты англиялык геодезист Жордж Эвересттин атынан алган. Чокунун экинчи аты - Жомолунгма.

7. Эверест же Жомолунгма чокусу Тибет менен Непалдын чек арасында жайгашкан.

8. Демек, Эверестке эки өлкөнүн аймагынан, Непалдан же Кытайдан, Тибет бөксө тоосунан чыгууга мүмкүн.

9. Тибет Кытайдын аймагы, ал дээрлик көпчүлүк үчүн жабык, ошондуктан Эверестке бет алган туристтер менен альпинисттердин көпчүлүгү сапарын Непалдан башташат.10. Непал менен Тибеттин көпчүлүк тургундары Эверестти ыйык тоо деп эсептешет жана ага коркуп мамиле кылышат.

11. Эверестте кеминде 18 чокуга чыгуу маршруту бар, алардын кээ бирлери колдонула элек.

12. Непал Эвересттин түштүк тарабында, Кытай түндүгүндө жайгашкан.

13 Чокуга чыгуу үчүн биринчи аракет 1921-жылы Британиянын түндүктөн чыккан экспедициясы тарабынан жасалган.

14. 1924-жылы Эверест экспедициясында 13 адам каза болгон. Алардын арасында Жорж Мэллори менен Эндрю Ирвин бар, алар 1924-жылы чыгып бара жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Алар эң жогорку чекке чейин жете алыштыбы же жокпу, азырынча белгисиз. Бирок айрымдар Эверестке биринчи жолу чыккан Мэллори болгон деп эсептешет.

15. Эвересттин чокусуна биринчи жолу ийгиликтүү чыгуу 1953-жылы 29-майда болгон. Эверестти багындырууда пионерлер непалдык Тенцин Норгай жана Жаңы Зеландиялык Эдмунд Хиллари болушкан.

16. Дүйнөдөгү бардык тоолордун арасында Эверест эң бийик чоку, бирок эң коркунучтуу эмес.17. Дагы бир Гималай чокусу Аннапурна, альпинизмдин статистикасына ылайык, алда канча кооптуу. Аны жеңүү аракеттеринин 30% дан ашыгы альпинисттин өлүмү менен аяктайт.

18. Жомолунгманы чыгуу учурунда өлүмдүн көрсөткүчү болжол менен 10% га барабар.

19. 1969-жылдан бери Эверестти багындыруу учурунда алпинист каза болбогон жыл – 1977-жыл.  

 20. 1974-жылдан бери Эверест чокусуна жыл сайын чыгып келишет.

21. 2018-жылга чейин Эвересттин чокусуна 5 миңге жакын ийгиликтүү чыгуу болгон.

22. 2001-жылы Эрик Вайхенмайер аттуу биринчи сокур альпинист Эверестке ийгиликтүү чыккан.23. Кышында, чокудагы температура минус 60 градуска чейин түшүшү мүмкүн. Жай мезгилинде дагы, июль-август айларында ал нөлдөн жогору көтөрүлбөйт.

24. Мөңгүлөр Эвересттин капталынын ар тарабынан жай агып турат, бирок алар беш чакырым бийиктикте жоголот.

25. Эверест чокусунда эң жогорку шамалдын ылдамдыгы 282 км / саат болгон (2004-жылдын февраль айы). Салыштыруу үчүн, 5-категориядагы ураган шамалдын ылдамдыгы болжол менен 253 км / с.26. 8000 метрден ашык бийиктикте "өлүм зонасы" деп аталган жер башталат. Адамга кычкылтек жетишсиз болуп, организм акырындап өлө баштайт.

27. 1924-жылдан 2018-жылга чейин Эверестте 295 адам көз жумган. Өлүм деңгээли болжол менен 3,2% ды түзөт.28. Каза болгон альпинисттердин сөөктөрүн ылдый карай эвакуациялоо мүмкүн эмес, ошондуктан алар ошол эле жерде, тоо боорлорунда калышат. Мындай бийиктикке бир дагы тик учак чыга албайт. Алар көбүнчө башка альпинисттер үчүн бийиктик белгилери катары кызмат кылышат.

29 Эвересттеги эң кандуу жыл 2015-жылы болуп саналат. Аталган жылда 19 адам каза болгон.

30. Болжол менен 450 миллион жыл мурун, Эверест чокусу океандын түбү болгон. Табылган деңиз организмдери кээде Эверестти каптаган топуракта кездешет.31. Эверест 55 миллион жыл мурун Индиянын тектоникалык плитасы Азияга кулаганда пайда болгон. Кагылышуу ушунчалык күчтүү болгондуктан, Индия плитасы Азия плитасынын астына өтүп, жердин чокусун жогору көтөрүп, Гималай пайда болгон.

32. Эверест чокусу жыл сайын тектоникалык плиталардын жылышынан улам 4 мм бийик болуп турат.

33. Тоону 1852-жылы Радханат Сикдар дүйнөдөгү эң бийик деп "ачкан". Сикдар Индияда иштеп, тригонометриялык изилдөө жүргүзгөн. Ал алгач тоону ченеп, 8840 метр бийиктикке жеткен.34. Ага чейин, анча белгилүү эмес тоо XV чокусу деп аталган. Кийинчерээк ал сэр Джордж Эвересттин аты менен аталган.

35. Непалдагы Эверест чокусу "Сагарматха" деген ат менен белгилүү, ал "асман кудайы" дегенди билдирет, ал эми тибетче "Жомолунгма", башкача айтканда "Ыйык Эне" дегенди түшүндүрөт.

36. Айрым альпинисттер бул чокуну кычкылтек беткабы жок багындырышкан.Эверестти багындыруунун бүткүл тарыхында анын чокусуна 200дөн ашуун адам кычкылтек беткабын колдонбостон жетишкен.37. Непалдын жараны Ками Шерпа Эверестке чыгуу боюнча рекорд койгон. Ал чокуга 24 жолу жеткен; акыркысы 49 жашында 2019-жылы май айында ишке ашкан. Анын биринчи көтөрүлүшү 1994-жылы болгон.

38. Эвересттин чокусуна биринчи эркек 1953-жылы, биринчи аял 1975-жылы чыккан.

39. 1975-жылы жапониялык Джунко Табей Эверестке чыккан биринчи аял болгон. Ошол мезгилден бери 500дөн ашуун аял чокуга чыгып, анын ичинде эң жаш Малават Пурна, ал көтөрүлгөндө 13 жашта эле болгон. Ошондой эле алардын арасында 9 жолу чокуга чыккан Лхакпа Шерпа дагы бар.40 Калифорниялык Жордан Ромеро Эверестке чыккан эң жаш альпинист. Ал 2010-жылы 13 жаш жана 11 айлык кезинде чыккан.

41. Эверестке ийгиликтүү чыккан альпинисттин эң улуусу -  жапониялык Юичиро Миура, 80 жашында багындырган. Рекорд 2013-жылы коюлган.

42. Эверестке чыккан эң ири топ 410 кытай альпинисттен турган.43. Негизги лагерден тоонун чокусуна чыгуу климатты эске алуу менен 39-40 күнгө созулат. Мындан тышкары, базалык лагердин өзүнө барчу жолду эске алышыңыз керек, ал 10 күндөн 14 күнгө чейин созулат. Бүткүл экспедиция 6 жумадан 9 жумага чейин созулат. Бул убакыт аралыгында альпинисттер 10-15 килограммга чейин арыкташат.

44. Эверестке чыгуунун баасы кызмат көрсөтүүгө жана программанын планынын мазмунуна жараша 30,000ден 85,000 долларга чейин. Орточо наркы болжол менен $67,000 түзөт.

45. Эверестке чыгууга уруксат 10-12 миң доллар турат. Бул салык Непалдын бийлиги тарабынан бардык каалоочулардан алынат.46. Мото параплан  менен Эвересттен жогору көтөрүлүп чыккан биринчи адам белгилүү  теле алып баруучу Беар Гриллс болгон.

47. 2001-жылы Эвересттин чокусунан дагы бир адам сноуборд менен түшкөн. Кийинки жылы  дагы  тоого чыкмакчы болуп, көтөрүлүп бара жаткан боюнча дайынсыз жоголгон.

48. Деңиз деңгээлинен 6,7-6,8 чакырым бийиктикте секирген жөргөмүштөр Эверестте жашайт. Алар дүйнөдөгү эң бийик тирүү жандыктар.Бирок адамдар үчүн коркунучтуу эмес.49. Альпинисттер жыл сайын Эвересттин бооруна болжол менен 50 тонна таштанды жана башка калдыктарды таштап кетишет.

50. Буга байланыштуу Непалдын бийлиги эреже кабыл атайын эреже кабыл алган.Ага ылайык, ар бир альпинист артка чегингенде, жок дегенде 8 килограмм таштанды чогултушу керек же төрт миң доллар төлөшү зарыл.

51. Андан тышкары, акылдуу непалдыктар көтөрүлүү башталганга чейин эле акчаны депозит катары алышат жана таштанды чогултуу көрсөткүчү сакталган учурда гана кайра беришет.52. Эверест – дүйнөдөгү эң бийик жер, бирок эң бийик тоо эмес. Гавайиде жайгашкан суу алдындагы Мауна Кеа жанар тоосу дээрлик бир жарым чакырымга бийик.

53. 1978-жылы италиялык альпинист Рейнхольд Месснер Эверестке кошумча кычкылтек колдонбостон биринчи болуп чыккан.

54. 1980-жылы ошол эле киши Эверестке алгачкы болуп, жеке көтөрүлүш жасаган.55. 1999-жылы Непалдык альпинист Эверестке эң тез чыгуу боюнча рекорд койгон. Ал 17 сааттын ичинде чокуга жеткен.

56. Эвересттин эң чокусунда Интернет бар.

57. Дүйнөдөгү эң бийик тоону карап турган адамды каптаган сезимди сөз менен айтып жеткирүү кыйын - аны башынан өткөрүү керек.58. Байыркы аскалардан тургузулган бир нече чакырымга көтөрүлгөн чоку, анын этегинде ары-бери чуркап келе жаткан кичинекей адамдарга колдоо көрсөткөндөй көрүнөт.

59. Чокуга жетүү мүмкүн эместей сезилгени менен альпинисттер буга чейин бир нече жолу чыгышкан, бирок, белгилүү болгондой, бийиктикке чыгуу баарынын колунан келген эмес.

60. Эверестти буга чейин эр жүрөк альпинисттер бир нече жолу багындырган болсо дагы, бул анын улуулугун түшүрбөйт.