Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 2 адам каза тапты
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 2 адам каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 2 адам каза тапты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 17, Чүй облусунда - 47, Ош облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 3, Нарында - 1, Жалал-Абад аймагында - 1, Баткен облусунда - 2 киши вируска чалдыкты. 

Ошол эле учурда сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 383 бейтап, амбулатордук түрдө 341 адам дарыланууда. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алды, алардын ичинен 4 миң 158 медкызматкер айыгып чыкты. Жалпы 86 миң 1 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 82 миң 879 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.