"Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда катталды
Коронавирус
"Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда катталды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлады. Маалыматка ылайык, Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти коронавирустун алдын алуу үчүн "Спутник V" вакцинасына каттоо күбөлүгүн берди. 

Вакцинанын катталышы жакынкы аралыкта коронавирустан калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган вакцина Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий борбору тарабынан иштелип чыгып, Россияда былтыр август айында каттоодон өткөн.