COVID-19: бейтаптарга жеңилдиктер
Коронавирус
COVID-19: бейтаптарга жеңилдиктер

Стационарларда COVID-19 жана этиологиясы аныкталбаган өпкөнүн кагынуусу менен ооругандар акысыз негизде жүргүзүлөт. Аларды дарылоо боюнча каржылык чыгымдар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсебинен жабылат.

Фонддун маалыматка ылайык, былтыркы жылы лабораториялык тастыкталган COVID-19 менен ооруган 16 миң 177 адам, байланышта болгон 8 миң 912 бейтап ооруканаларда дарыланган. Кызмат көрсөтүүнү каржылоонун көлөмү 41,1 миллион сомду түздү. Мындан тышкары лабораториялык тастыкталбаган COVID-19 диогнозу менен дарылангандардын саны 23 миң 805ке жетип, каржылоонун көлөмү 106 млн сомду түзгөн.