http://www.ktrk.kg/ЖК президенттик жана парламенттик шайлоо мыйзамын экинчи окууда колдоду

ЖК президенттик жана парламенттик шайлоо мыйзамын экинчи окууда колдоду

18 Май 2017 , 4:38 1979

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Парламент президенттик жана парламенттик шайлоо мыйзамына сунушталып жаткан түзөтүүлөрдү экинчи окууда колдоду.  

Документке ылайык, «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөз  «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» болуп өзгөрүп жатат. 

Мындан тышкары, парламенттик шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга  жогорулатылууда. 

Демилге 109 депутаттын колдоосуна татып, 6  парламентарий каршы чыкты. 

Талкуу соңунда  мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Новости по дате