http://www.ktrk.kg/Кыргызстандан ажылардын алгачкы тобу Сауд Аравияга кеттишти

Кыргызстандан ажылардын алгачкы тобу Сауд Аравияга кеттишти

7 Авг 2017 , 6:49 2270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Зыярат кылуу үчүн Кыргызстандан ажылардын алгачкы тобу Сауд Аравияга кетти. Бишкек-Медина аба каттамы боюнча бул жолу 305 зыяратчы кетсе, аларды 5 ажы башчы жана бир дарыгер коштоодо. Муфтияттын маалыматы боюнча, 10-августка чейин түндүк аймактагылар Бишкектен кетсе, 10унан баштап 20-августка чейин түштүк аймактагылар Ош аэропортунан учат. 

Жалпысынан, 4585 зыяратчыны 91 ажы башчы жана 13 дарыгер коштоп жүрөт. Алар ажылык амалдарын Курман айт майрамы күндөрү жасашат. Кайра Кыргызстанга 8-сентябрдан баштап кайтышат. 

Эскерте кетсек, буга чейин ажыга барчулар чүчү кулак кармоо аркылуу зыяратка барса, акыркы учурда жандуу кезектин негизинде зыярат кылууга жазылып, барып жатышат. Анан да аларга электрондук билериктер тагылган. Анда ажы тууралуу бардык маалыматтар камтылган.


Новости по дате