http://www.ktrk.kg/Алмазбек Атамбаев:  "Шайлоо мыйзамдары бузулса, катуу чара көрүлсүн"

Алмазбек Атамбаев: "Шайлоо мыйзамдары бузулса, катуу чара көрүлсүн"

25 Сент 2017 , 9:57 1611

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Президентке талапкерлер тарабынан агитациялык кампанияны жүргүзүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Башкы прокурордун айтымында тиешелүү көзөмөл күчөтүлдү, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. 

Маалыматты угуп, Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага президенттик шайлоолор мезгилинде мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди.


Новости по дате