http://www.ktrk.kg/Суу жээктериндеги шагылды башаламан казгандар көбөйдү

Суу жээктериндеги шагылды башаламан казгандар көбөйдү

28 Окт 2017 , 11:24 1285

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дарыя жана суу жээктериндеги шагылды башаламан казгандар көбөйдү. Анан да дамбалардын айланасын казып жатышат. 

Мунун кесепетинен, келген суунун нугу бурулуп, элди селден коргой турган дамбалар жараксыз абалга келүүдө. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Селди алдын алуу максатында министрлик жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шагыл казгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Бул иштер Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дагы жүргүзүлдү. Алар жарандарды дамбалардын айланасынан шагыл казбоого чакырууда.


Новости по дате