http://www.ktrk.kg/ "Ош" базарындагы өрттөн 118 ишкер зыян тартты

"Ош" базарындагы өрттөн 118 ишкер зыян тартты

31 Янв 2018 , 15:52 2551

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы "Ош" базарындагы өрттөн 118 ишкер зыян тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Базар ичиндеги "Сейтек" соода борборунан 108 жана "Берекет" түйүнүнөн 10 орун толук күйүп кетти. Үч жарым миң чарчы аянт өрттөнгөн. Учурда кырсыктын себеби иликтенип, чыгымдар эсептелүүдө. 



Новости по дате