http://www.ktrk.kg/"Азаттык" үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев каза болду

"Азаттык" үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев каза болду

23 Июль 2018 , 3:53 4092

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын журналисти Улан Эгизбаев жекшемби күнү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен сууга чөгүп, каза болду. Бул тууралуу кабарды Ысык-Көл облустук милициясы бышыктады. 

Билдирүүгө караганда, облустук милицияга кабар саат 14.30дар чамасында түшкөн. Маалым болгондой, Улан Эгизбаев 19-июлда Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатына жубайы менен эс алууга келген. 

Жекшемби күнү номерин тапшырып, кетер алдында сууга түшүп алайын деп көлгө барып, кырсыкка учураган. Куткаруучулар журналистти суудан алып чыкканда, ал тирүү болгон. 

Бирок ооруканага алып барган жерден үзүлүп кеткен. Маркумдун сөөгү 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилип, соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Улан Эгизбаев болгону 28 жашта болчу. КТРК жана "Ала-Тоо 24" каналдарынын жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат


Новости по дате