http://www.ktrk.kg/Бишкекте илбирсти коргоого арналган декада башталды

Бишкекте илбирсти коргоого арналган декада башталды

23 Окт 2018 , 16:53 729

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Асман тиреген аскар тоолору менен бүткүл ааламды суктандырган Кыргызстанда, ажайып тоолордун анык табериги болгон ак илбирс байырлайт. Бүгүн мына ушул тоо жаныбарын коргоонун эл аралык күнү. Илбирсти коргоо күнү ал байырлап жүргөн дүйнөнүн 12 өлкөсүндө белгиленет. Бул дата 2013-жылы Бишкекте өткөн эл аралык форумда бекитилген.

23-Октябрь - Ак илбирсти коргоо күнүнө карата даярдалган флешмоб Бишкек гуманитардык университетинде болду. Студенттер бирдей кыймыл менен 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий саундтрегине бийлешти. Музыканын тандалышы да бекеринен эмес. Анткени, ак илбирс 2синен 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн көчмөндөр оюндарынын табериги болгон. 

Ак илбирс жоголуп бараткан жаныбар катары бир катар мамлекеттердин кызыл китебине кирген. Азыр дүйнөдө 7 миңдин айланасында илбирс бар деп айтылса, алардын 300 жакыны Кыргызстанды байырлайт. Аскар тоолордун табериги болгон бул жырткычтын мекендеген аймагы негизинен Ысык-Көл менен Нарындагы тоолор.




Новости по дате